1-сентябрдан тартып Бишкек–Ысык-Көл, Бишкек–Ош жана Торугарт унаа жолдорунда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынат. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.
Анын айтымында, бул трассаларда эрежелерди сактабаган айдоочулардан улам көп жол кырсыктары катталууда. Министр айдоочуларга кайрылып, ири жолдордо шашпай бара жаткандар оң тилке менен, ал эми ылдам жүргөндөр сол тилке менен жүрүшү керектигин эске салды.
«Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер мындай айдоочуларды аныктап калса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат жана кайрадан экзамен тапшырууга милдеттендирилет», — деди Ниязбеков.
Бул чаралар президенттин жарлыгынын негизинде кабыл алынып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.