Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Нарын облусундагы Салкын-Төр жаратылыш паркын заманбап шарттарга ылайыктап, кайрадан иретке келтирүү боюнча иш жүрүүдө. Учурда долбоорлоо жана даярдык иштери жүрүп, жакынкы күндөрү реконструкция иштери расмий түрдө башталат.
Салкын-Төр — бул Нарын элинин сыймыгы гана эмес, бүт өлкөбүздүн табигый байлыгы. Аны эл үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана таза эс алуу жайына айландыруу максатында парк толугу менен жаңыланат. Жаратылышка зыян келтирбестен, ошол эле учурда эс алууга келген адамдар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.
Бул жерде бардык инфраструктура заманбап форматта уюштурулуп, кирүү пункту автоматташтырылат, эс алуучу жайлар жаңыланып, экологиялык стилде жеңил A-frame үлгүсүндө үйлөр, эс алуучу жайлар, кафе жана санитардык объекттер курулат. Бул табият менен адамдын ортосундагы гармонияны сактап, сапаттуу экотуризмди өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болот.
Мындан тышкары, буга чейин Нарынга келген иш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев бул аймактагы жол маселесине токтолуп, жолду толугу менен асфальттоо тапшырмасын берген. Учурда бул багытта да даярдык иштери жүрүп жатат.
Салкын-Төрдү жаңылоо иштери толугу менен Президенттин көзөмөлүндө аткарылып, аймактагы экотуризмди өнүктүрүүгө чоң түрткү болмокчу.