УКМК Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А.Ж.ны, башкы инженер Т.Д.Ж.ны, башкы эсепчи К.С.О.ну жана “С” ЖЧКсынын подряддык уюмунун жетекчиси А.К.Б.ны Ош облусунун «Кең-Сай» конушундагы жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоого тийиштүү болгон бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактысы боюнча кармады.
Колдо болгон маалыматтар боюнча, жогоруда аталган курулуш иштерин жүргүзүү үчүн бюджеттен 657 045 900 сом каралып, анын ичинен бүгүнкү күнгө карата келтирилген зыяндын суммасы 115 407 828 сомду түзөт.
Алынган маалыматтар капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары ишенимдүү адамдар аркылуу бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан подряддык уюмдарга бөлүнгөн акча каражаттарын өз каалоосу боюнча пайдалангандыгы үчүн "откат" түрүндөгү сый акыларды системалуу түрдө алышканын, анын кесепетинен подряддык уюмдар тарабынан курулуш иштери атайылап белгисиз мөөнөттөргө создуктурулганын, ал эми көрсөтүлгөн кызматтар жыйынтыгында сапатсыз жана өз убагында аткарылбаганын же такыр эле ойдон чыгарылган себептер боюнча белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын айгинелейт.
Учурда аталган адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, тергөө тарабынан жасалган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү чаралар улантылууда.