Жаңылыктар
Таласта 2006-жылдан бери изделип жаткан чет элдик жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта 2006-жылдан бери изделип жаткан чет элдик жаран кармалды

2006-жылы 8-түзөтүү мекемесинен качып, эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

        Кармоо Кыргызстан менен Казакстандын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн учурда жүргүзүлүп, шектүү адам жашынууга аракет кылган.

        Азыркы учурда шектүү Талас шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишине анын мүмкүн болгон катыштыгын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.