Жаңылыктар
Ошто мас айдоочуну куткарган инспектор кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто мас айдоочуну куткарган инспектор кармалды

Ош шаарында патрулдук милициянын инспектору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 5-июль күнү Ош ШИИБнин патрулдук милициясынын инспектору, милициянын прапорщиги рейд учурунда мас абалдагы айдоочуну токтоткон. Айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок болуп, бир жылга айдоо укугунан ажыратылганы жана унаанын техникалык паспорту жок экени аныкталган.

Текшерүүдө инспектор өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ош облустук наркологиялык борборуна мас айдоочунун ордуна унаанын жүргүнчүсүнүн маалыматтарын жөнөткөн. Натыйжада, экспертизанын жыйынтыгында мыйзам бузган айдоочу жоопкерчиликтен бошотулган. Мындан тышкары, инспектор мыйзамга ылайык протокол түзбөстөн, унааны кайра ээсине кайтарып берген.

2025-жылдын 23-июль күнү милициянын прапорщиги кызматтык бөлүштүрүүдө УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелеринин негизинде тергөө абагына камалды.

Учурда иликтөө иштери уланууда.