Жаңылыктар
Каныбек Туманбаев Нарында курулуучу обьектилерди көрүп, сапатына көңүл бурууну тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Каныбек Туманбаев Нарында курулуучу обьектилерди көрүп, сапатына көңүл бурууну тапшырды

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Нарын шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында бир нече жаңы курулуш обьектилери менен таанышты. Ал Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушуна капсула салгандан кийин, Балдар оюн-зоок борбору, 200 орундуу коомдук мончо жана Нарын дарыясынын түндүк тарабындагы «Жээк» аллеясынын курула турган жерлеринде жүрүп жаткан иштерди жеринен көрдү.

К.Туманбаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштерин талаптагыдай деңгээлде жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле автобекеттеги кайра куруу иштерин карап чыгып, анын айланасын ирээтке келтирүүнү жана каттамдар боюнча билеттерди сатууну автоматташтырууну белгиледи. «Жээк» аллеясы менен автобекеттин курулушун эки ай ичинде бүткөрүүнү да милдеттендирди.

Мындан тышкары, Туманбаев Дөбөлү айыл аймагындагы “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркына барып, анын учурдагы абалы менен таанышып, эс алуу жайын реконструкциялоо долбоорунун жүрүшү тууралуу маалымат алды. Бул жай 1984-86-жылдары курулуп пайдаланууга берилгенден бери капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүлгөн эмес. Учурда эс алуу жайды реконструкциялоо боюнча долбоорлоо жумуштары жасалууда.

Быйыл Нарын шаарында мамлекеттин колдоосу менен жалпы 2 миллиард 311 миллион 800 миң сомдук долбоорлор ишке ашууда. Алардын ичинде В.Ленин атындагы борбордук жолду, Ж.Шералиев көчөсүн жана 30дан ашык ички көчөлөрдү оңдоо жана куруу иштери бар.