Жаңылыктар
Кыргызстанга Тажикстандын медиа өкүлдөрүнөн турган топ келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга Тажикстандын медиа өкүлдөрүнөн турган топ келди

25-июлда Тажикстандын маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган топ Кыргызстанга таанышуу сапары менен келди.

Сапар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча маалыматтык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында уюштурулган. Бул сапар кесиптик тажрыйба алмашуу гана болбостон, Кыргызстан менен Тажикстандын боордош элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, ынак коңшулукту жана ишенимди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Сапардын алкагында тажик журналисттери Кыргызстандын алдыңкы маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле улуттук каада-салттар, этнотуризмдин элементтери, кооз табият жана Кыргызстандын меймандос атмосферасы менен таанышууну камтыган маданий программага катышат.

Мындай демилгелер биздин өлкөлөрдүн медиа коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда бекем кесиптик жана адамдык байланыштарды түзүүгө, ошондой эле гуманитардык жана маалыматтык тармактарда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Мындай долбоорлор буга чейин Кыргызстан менен Казакстандын жана Өзбекстандын журналисттери ортосунда да болгон.