Жаңылыктар
Дайыр Орунбеков: Кыргызстандын экономикасынын келечеги – туризм
Туризм
Дайыр Орунбеков: Кыргызстандын экономикасынын келечеги – туризм

Кыргызстандын экономикасынын келечеги – туризм. Мындай пикирди Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Кыргызстандын экономикасынын келечеги - туризм. Демек, Кыргызстанга келген ар бир турист, меймандар - биздин ырыскыбыз. Ырыскы алып келген конокторго сый урмат көрсөтүү мамилесин жакшыртуубуз керек. Босогону аттагандан баштап такси, мейманканалар, тамак аш жайларындагы кызмат көрсөтүп тейлегендер өтө сезимтал, кыргыздын меймандостугун көрсөткөн чебер болушу абзел.

Керек болсо, күтүп алган таксист, кафеде кызмат көрсөткөн официанттардан бери - Кыргызстанды тааныткан, элдин жүзүн, улуттун образын түзүүчүлөрү.

Биз деле чет өлкөгө барганда жөнөкөй бир тейлөөчү кызматкердин мамилесинен бүтүндөй ал мамлекеттин элинин жүзүн көрөбүз. Жаман мамиле көрсөк, ал өлкөгө экинчи кайтып баргың келбейт. Жакшы мамиле үчүн, ал өлкөнү эңсеп, кайра баргың келет. Бир эле адамдын жакшы же жаман мамилеси бүткүл элдин, мамлекеттин репутациясына таасир этет”, - деп жазган Орунбеков.