Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.
Тартиптик жаза укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелердин алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн берилди.