Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев Алтайга иш сапары менен барды
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев Алтайга иш сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Алтай Республикасына иш сапары менен барды.

Адылбек Касымалиевди Тоолу-Алтай шаарынын аэропортунан Алтай Республикасынын башчысы Андрей Турчак жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алды. 

Анда Алтай Республикасынын сыйлуу конок тосуудагы жергиликтүү элдин салттуу меймандостугу көрсөтүлдү. 

 Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Эл аралык экологиялык конференцияга катышат, анын жүрүшүндө бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен биргеликте конференциянын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле конференциянын алкагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралат.