Жаңылыктар
Таласта уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылткан жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылткан жаран кармалды

УКМКнын бүгүн, 23-июлда берген маалыматына караганда, уюшкан кылмыштуулукту жайылткан Талас районунун Манас айылынын 2001-жылы туулган тургуну облустун аймагынан кармалган.

Маалым болгондой, «Instagram» социалдык тармагында анын катышуусундагы «ТАЛАСТЫН СМОТРЯЩИЙ БАЛАСЫ» аттуу видео-ролик жарыяланган, анда Талас районунун Чат-Базар, Кара-Суу жана Манас айылдарынын тургундарын “Весь Кыргызстанды кармагым келет…. бироо кынк десе эле өлөт” деп коркутуп, өзүн аталган айылдардын көзөмөлчүсү катары көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес жана буга чейин да болгон эмес, анын билдирүүлөрү юмордук мүнөздө болгон. Мындан улам, ага жана анын жакын туугандарына карата мындай билдирүүлөргө жана «кылмыш дүйнөсүнүн» идеологиясын пропагандалоого жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.