Жаңылыктар
Баткенде 2 200 доллар параны кайтарып берип жаткан салыкчы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде 2 200 доллар параны кайтарып берип жаткан салыкчы кармалды

Кызыл-Кыя шаарында жеке ишкерден акча талап кылган салык кызматкери кармалганын бүгүн Баткен облустук милициясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жеке ишкер Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү башкармалыгынын улук инспектору дүкөнүн текшерип, салыктан бошотуу үчүн 200 миң сом пара талап кылганын жана алганын билдирген. 

Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, 22-июлда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чара учурунда С.П. аттуу салыкчы 2 200 АКШ долларын кайтарып берип жаткан жеринен кармалган. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.