Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-26-июль күндөрү Россия Федерациясынын Алтай Республикасына жумуш сапары менен барат.
Жумуш сапарынын алкагында Алтай Республикасынын Тоолу-Алтай шаарында боло турган Эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Пленардык жыйында ошондой эле Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын өкмөт башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары баштаган делегация башчылары экологиялык чакырыктар: туруктуу өнүгүүгө карай жана климаттын өзгөрүшү аттуу темалардын айланасында сөз сүйлөөрү пландалууда.
Эл аралык экологиялык конференциянын жүрүшүндө эксперттик жана тематикалык сессиялар да уюштурулат. Анда конференцияга катышкан өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан глобалдык суу балансын сактоо, экологиялык туризм мамлекеттин визиттик картасы сыяктуу темалардын айланасында баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралат.