Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде капиталдык оңдоодон өткөн Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңыланган имараты расмий түрдө колдонууга берилди.
Бул тууралуу Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өзүнүн расмий баракчасында маалымдап, борборго барып, жамаат менен жолугуп, оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышканын билдирди. Анын айтымында, ар бир палата, коридор, инженердик система жана имараттын кире бериш бөлүгү заманбап стандарттарга ылайык толугу менен жаңыртылды. Учурда бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
«Акыркы жылдары өлкөбүздө оорукана, төрөт үйлөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору курулуп, эски имараттар жаңыланууда. Бул — ар бир жарандын саламаттыгы мамлекет үчүн башкы артыкчылык экенинин далили», — деп белгиледи Туманбаев.
Анын айтымында, эне менен баланын ден соолугу — бул коомдун келечеги. Мындай борборлордо миңдеген энелер менен ымыркайлардын өмүрү сакталат. Ошондуктан мамлекет бул тармакка өзгөчө көңүл буруп жатат.
Муну менен катар Каныбек Туманбаев Азербайжан Республикасынын демилгеси менен Бишкек шаарында дагы бир заманбап оорукана куруларын кабарлады. Башында бул долбоор Ысык-Көлдө ишке ашат деп пландалган. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Азербайжанга болгон акыркы расмий сапарынан кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бул оорукана Бишкекте курулмай болду. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Бул жаңы мекеме толук медициналык жабдуулар менен камсыздалат.
«Мындай иштер мындан ары да уланат. Элдин ден соолугун коргоо — президенттик саясаттын негизги багыты бойдон калууда», — деп кошумчалады Президенттин Иш башкаруучусу.