Ысык-Көлдө 3 күндөн бери өтүп жаткан эл аралык IV "Мейкин Азия" музыкалык фестивалы жыйынтыкталды.
22-июлда Чолпон-Атада жыйынтыкталган фестивалга 25 өлкөдөн келген 28 ырчы катышты. Мындан сырткары азыркы учурда атагы алыска кеткен дүйнөлүк жылдыздар - Ay-Yola тобу, белгилүү ырчы Sevak жана Димаш Кудайберген ардактуу конок болду.
Фестивалда баш байгени румыниялык ырчы Мария-Диана Стынчуляша алды. Ага баш байге сыйлыгы - атайын статуэтканы фестивалдын алгачкы жеңүүчүсү, атактуу казак ырчысы Димаш Кудайберген тапшырды.
Биринчи орунду кыргызстандык Урмат Сатыбалдиев алса, экинчи орун үч ырчыга: Беларус ырчысы Виталий Дробго, кыргызстандык Кабирге, орусиялык Кира Гоголадзега берилди. Үчүнчү орун дагы үч ырчыга: Түндүк Македониядан Полина Тасаевага, түркиялык Эже Асага жана өзбекстандык Тулкин Тажиевге ыйгарылды.
Мындан тышкары “Күйөрмандардын сүймөнчүгү” номинациясында онлайн тандоо жасалып, аны Орусиянын Саха Республикасынан келген Кирилл Матвеев жеңди.
Финалдык концертке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух да күбө болду.
Фестивалдын соңунда мамлекеттик катчы Марат Иманкулов казакстандык ырчы, композитор Кудайберген Динмухаммедге (Димаш Кудайбергенге) Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достукту жана маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген ардак наамын тапшырды. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгон.
“Мейкин Азия" - жаш таланттарды колдоо жана өнүктүрүү максатында уюштурулган эл аралык музыкалык фестиваль. Ал Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Фестиваль Кыргызстанда гана өткөрүлөт.
“Мейкин Азия” фестивалы алгач 2013-жылы өтүп, баш байгени казакстандык Димаш Кудайберген жеңип алган.
Башында бул фестиваль ар эки жылда өтөт деп пландалганы менен арада бир канча жыл токтоп калды. 2023-жылы гана кайра жанданып, быйыл эми төртүнчү жолу өтүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги быйылкы фестивалды өткөрүүгө 20 миллион сом бөлүнгөнүн, бул мурункуларга караганда эки жарым эсе көптүгүн билдирген. Баш байгеге 8000, биринчи орунга 5000 доллар өлчөмүндө байге коюлду.
Быйыл фестивалдын географиясы кеңейип, Азиядан тартып Европага чейин 25тен ашуун өлкөдөн ырчылар келишти. Кыргызстан бул фестивалды өлкөнүн маданий брендине айлантып, жаш таланттар үчүн эл аралык платформа түзүү максатын көздөөдө.
(Сүрөттөрдү Султан Досалиев тарткан)