Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев аймактарда ипотекалык үйлөрдүн сапаттуу салынышын талап кылды
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев аймактарда ипотекалык үйлөрдүн сапаттуу салынышын талап кылды

 Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Базар-Коргон шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан 9 кабаттуу, 936 батирлүү үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Тийиштүү кызмат адамдарына тапшырмалар жана талаптар коюлду.

 “Урматтуу Президентибиздин "Кыргызстанда үйү жок жарандарыбыз калбашы керек. Баары үйлүү жайлуу болушу зарыл" деген саясатын баарыбыз колдоп, тез арада ишке ашырышыбыз керек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сырттан карап турбастан, күнү-түнү чуркап иштешиңер керек. Үйлөрдүн сапаттуу болушу жана курулушчулардын кыргызстандыктар болушу шарт. "Арзан иштейт экен" деп башка мамлекеттен келген жумушчуларды салбагыла. Кымбатыраак иштесе дагы, башкалардан бир аз жайыраак иштесе дагы өзүбүздүн жарандар иштесин!..” – деди Камчыбек Ташиев.

 Андан соң Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндө курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Бул объектиде да кызмат адамдарына тийиштүү тапшырмалар коюлду.

 Мамлекеттик ипотекалык үйлөр Кочкор-Ата шаарында да курулуп жатат. Жалпылап алганда Базар-Коргон, Ноокен жана Кочкор-Атада азыркы тапта 3000ге чукул батирлерди камтыган көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Алдыда бул долбоорлрр дагы улантылат жана элге ипотекалык үйлөрдү куруу иштери активдүү жүргүзүлө берет.