21-июлда Нарын шаарында бирөөнү опузалоо менен 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин бүгүн облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 10-июль күнү Нарын шаардык милициясына аталган шаардын бир тургуну арыз менен кайрылып, таанышы 2023-жылдын декабрь айынан бери коркутуп-үркүтүү жолу менен акча талап кылып келгенин билдирген. Текшерүүнүн жүрүшүндө Б.А. аттуу арыз ээси 2023–2024-жылдары жалпы 770 миң 669 сомду накталай жана банк аркылуу Р.Жга. бергендиги аныкталган. Шектүү июль айында да 3,5 млн. сом талап кылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 21-июль күнү Нарын шаарынын тургуну Р.Ж. арыздануучудан 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодекчинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.