Нарын шаарынын бардык аймактарында ушул күндөрү массалык түрдө курулуштар жүрүп жатат. Алардын ичинен эң көп жумуштар жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында жасалып, калаанын борбордук Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө жана бир нече ички жолдорду оңдоо жана асфальттоо иштери жүрүүдө.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Руслан Сапарбеков жол оңдоо иштерине байланыштуу учурда унаалар Орозбаков көчөсү аркылуу жүрүп жаткандыктан жол тыгыны болгонун эскертип, шаардагы бардык жетекчи жана кызматкерлерди жумушка коомдук транспорт менен, же жөө келип турууну сунуштады.
“Нарын шаарында мекеме-ишканаларда эмгектенген жетекчилер жана кызматкерлер жол оңдоо иштери толук аяктаганга чейин жеке автоунаалардын ордуна коомдук транспорт же такси кызматын пайдаланып, мүмкүнчүлүккө жараша жумуш ордуна жөө басып келүүнү сунуштайбыз. Мындай иш-чаралар жол тыгынын азайтып, жол ондоо иштеринин өз мөөнөтүндө жана коопсуз жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтөт”, - дели Руслан Сапарбеков.