Жаңылыктар
Кызарт айылынан чыккан саякатчылар Сөң-Көл жайлоосуна чейинки жолду ийгиликтүү басып өтүштү
Туризм
Кызарт айылынан чыккан саякатчылар Сөң-Көл жайлоосуна чейинки жолду ийгиликтүү  басып өтүштү

"Gallops Кыргызстан- 2025" долбоорунун алкагында Жумгал районунун Кызарт  айылынан чыккан 80 саякатчы Сөң-Көл жайлоосуна чейинки 40 чакырым жолду ийгиликтүү  басып өтүп, Сөң-Көл көлүнө  келишти. Жолдо бир нече тыныгуулар жана эс алуулар уюштурулду.

Европадан келген туристтер үчүн Сөң-Көл  жээгинде улуттук ат оюндары уюштурулуп, алар, кыз куумай, тыйын экмей жана Көк-Бөрү оюндарына күбө болушту. Ошондой эле ат оюндары боюнча чебер класстар  көрсөтүлдү. 

Кыргыз элинин маданияты, улуттук оюндарына күбө болгон чет элдиктер  көчмөн элдин жылкы менен болгон мамилесин,  аттарынын күчтүүлүгүн жана ат үстүндөгү оюндарга чебер экендигин баалашты.


БИЙИК ТООЛОРГО СУКТАНГАН МАТИЛДА

Матилда Винтин долбоор алкагында ат менен Соң-Көл көлүнө болгон сапарындагы маанайы менен бөлүшүп, жүрүшүн "укмуштуу сапар" деп баалады.

"Абдан таң калыштуу, кооз экен. Сөз жок...

Суктанып келе жатабыз. Бир аз чарчадык, бирок аттар бизге караганда көбүрөөк чарчады. Бул өзгөчө "укмуштуу сапар" болду. Биз абдан бийик тоолордун арасынан өттүк. Мындай бийик тоолорду биринчи көрүшүм. Кээде атты жетелеп  өтүүгө туура келди. Андан кийин унаа жүрүүчү жолдор менен жүрүп, Сөң-Көл жайлоосуна келдик. Жолдон көп  уйларды жана аттарды көрүп, кызыгып карап өттүк.

Кыргыз эли мага меймандостугу, жаныбарларга жакындыгы, маданияты менен өзгөчө жакты. Кыргыз жери укмуш керемет экен".


АЙТЫП БҮТКҮС КООЗ ЖАРАТЫЛЫШ 

Гаффье Орели  "Gallops Кыргызстан-2025" эл аралык туристтик долбооруна катышуу үчүн Франциядан келген.

Ал Кыргызстанга биринчи жолу келгенин айтып,  тоолук элдин  меймандостугуна жана жаратылышынын өзгөчө кооздугуна суктанууда.

"Акыркы эки күн жакшы уктадым, ошондуктан бүгүн өзүмдү жакшы сезип жатам.

Чынын айтсам укмуш сонун сезим болуп жатат. Анткени жакшы команда менен жаратылыш койнунда ат менен жол жүрдүк. Бул менин Кыргызстанга биринчи келишим. Мен Францияданмын, ошондуктан мындай пейзаждар мага өзгөчө жакты. Керемет кооздук, учурду ырахаттанып кабыл алып жатам.

Элдер абдан меймандос, тамактары дагы өтө даамдуу, жаратылыш таң калычтуу, айтып бүткүс кооз экен".


АТТАР  ФРАНЦУЗ  ВЕТЕРИНАРЫНЫН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ 

Жүрүшкө чыккан аттар француз мал доктурунун көзөмөлүндө болот.  Мал доктур Манон Амел беш күн ичинде 200 чакырым аралыкты багынтуучу аттардын абалын көзөмөлдөп, жүрүштөгү чабандестерди коштоп жүрөт. Ал Кызарт айылынын Соң-Көл жайлоосуна чейинки 40 чакырымда аттар жакшы жүрүш жасаганын жана өтө чарчап кетпегенин билдирди.


“Баары жакшы болооруна ынаныш үчүн  жүрүшкө чейин да, андан кийин да аттардын жүрөгүнүн кагуусун  текшердим. Чабандестер да аларга жакшы мамиле кылып, кам көрүп жатышты.

Эгер жүрөк кагуусу бир аз жогору же күчтүү болсо, эс алдырып, жай бастырып, анан кайра текшерип турам. Терисин дагы чоюп текшеребиз. Оозун, эриндерин карап турам. Эгер эриндери кызгылт жана нымдуу болсо, демек баары жакшы. Ошондой эле туяктарында, такасында же тарамыштарында көйгөй жокпу аны да карап чыгам.

Кыргыз аттарынын бойлору бийик, күчтүү жана чыдамкай болушат экен. Жүрүштө аттар өтө деле чарчаган жок”,-деди.

Негизинен чабандестер Европа өлкөлөрүнөн келишкен. Алар аймактын кооздугуна, бийик-бийик тоолорго жана  керемет Соң-Көлгө  суктанышууда.

Белгилей кетсек, долбоор Орто Азия боюнча Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулду.