Казакстандык атактуу ырчы, дүйнө жылдызы Димаш Кудайберген Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан "Мейкин Азия" фестивалына келди. Бул тууралуу бүгүн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Дүйнөлүк музыканын Мега жылдызы, азыркы учурдун №1 ырчысы Димаш Кудайберген Чолпон-Атага, касиеттүү Көлгө, IV “Мейкин Азия” эл аралык музыка фестивалына келди!.. 2013-жылы “Мейкин Азия” заманбап музыка фестивалынын биринчи баш байге жеңүүчүсү, касиеттүү Ысык-Көлдөн өнөр жылдызы жарык жанган Димаш он эки жылдан кийин алгачкы жолу келип олтурат!.. Димаш бу он эки жыл аралыгында дүйнөдөгү эң атактуу ырчыга айланды, дүйнөлүк сахналардын Алтын үнүнө айланды… Музыкалык Олимпти багынтты. Бирок Димаш менен кай жерде жолукпайлы, өзү катышкан алгачкы “Мейкин Азияны”, Кыргызстанды жылуу маанай менен, өзгөчө сүйүү менен эскерет: Ал “өзүм жете албай жатсам да, жүрөгүм дайыма Кыргызстан менен, Ысык-Көл менен, менин талантымды кастарлаган кыргыз музыка сүйүүчүлөр менен” деп бийик сый, бийик урматын байма-бай билдирип келет! – деп жазды Султан Раев.
Ысык-Көлдө эки күндөн бери өтүп жаткан IV эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы бүгүн жыйынтыкталат. “Мейкин Азия” фестивалы алгач 2013-жылы өтүп, баш байгени казакстандык Димаш Кудайберген жеңип алган. Ал эл аралык сынакка бул жолу ардактуу конок катары чакырылган.
Башында бул фестиваль ар эки жылда өтөт деп пландалганы менен арада бир канча жыл токтоп калды. 2023-жылы гана кайра жанданып, быйыл эми төртүнчү жолу өтүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги быйылкы фестивалды өткөрүүгө 20 миллион сом бөлүнгөнүн, бул мурункуларга караганда эки жарым эсе көптүгүн билдирген. Баш байгеге 8000, биринчи орунга 5000 доллар өлчөмүндө байге коюлган.
Быйыл фестивалдын географиясы кеңейип, Азиядан тартып Европага чейин 25тен ашуун өлкөдөн ырчылар келишти.
Кыргызстан бул фестивалды өлкөнүн маданий брендине айлантып, жаш таланттар үчүн эл аралык платформа түзүү максатын көздөөдө.