Жаңылыктар
Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишим ратификацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишим ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты “КР эл аралык келишимдери жөнүндө” жана “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Үч өлкөнүн президенттири бул келишимге 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында кол коюшкан. Чек аралар кесилишкен чекитте символикалык стела орнотулган.