Балыкчы шаарында көчөлөрдү тазалоо жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн жарактуу атайын техника такыр жок. Бул тууралуу бүгүн аталган шаарда эл менен жолугушууда Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын сапары мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык өтүп жатат.
Тургундар менен болгон жолугушууда Туманбаев бүгүн таң эрте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилигинде өткөн жыйынга катышканын айтып, анда Балыкчыдагы абал тууралуу кеңири маалымат бергенин билдирди: «Балыкчыда бир да жарактуу, заманбап атайын техника жок. Муниципалдык “Тазалык” ишканасы эски, жараксыз техникалар менен иштеп жатат. Эл нааразы — шаарды тазалоо мүмкүн болбой калды», — деди ал.
Анын айтымында, Камчыбек Ташиев бул маселени дароо жеке көзөмөлүнө алган: «Ал 100 миллион сом бөлүп берүүгө убада кылды. Бул каражатка шаар үчүн заманбап атайын техникалар жана кеминде 10 автобус сатып алынат. Бул Балыкчы үчүн чоң жардам болот жана эң негизгиси - бул иштер жакын арада башталат», - деп кошумчалады Туманбаев.
Каныбек Туманбаевдин Балыкчыдагы иш сапары Президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган шаарды өнүктүрүү багытындагы тапшырмалардын алкагында өтүүдө.