Жаңылыктар
Кара-Сууда Өзбекстандан өткөн жерге өндүрүштүк аймак менен кичи шаарча курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Сууда Өзбекстандан өткөн жерге өндүрүштүк аймак менен кичи шаарча курулат

Кара-Суу шаарында Өзбекстандан өткөн 100 гектар жерге өндүрүш аймагы жана кичи шаарча куруларын бүгүн Ош облустук бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Кара-Суу районуна иш сапары менен барып, эки жыл мурдагы чек ара тактоо учурунда Өзбекстан Республикасынын аймагынан Кара-Суу шаарына өткөн 100 гектар жерди көрдү. Бул жерде келечекте өндүрүш аймагын жана кичи шаарчаны куруу пландалууда.

Иш сапардын алкагында облус жетекчиси жер тилкесинин инвентаризациясы менен таанышып, бул аймакта курула турган өндүрүш аймагынын баштапкы долбоору жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан пландалып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жайгашуучу аянты боюнча маалымат алды.

Элчибек Жантаев аталган аймакка алып баруучу негизги жол, таза суу менен камсыздоо жана жалпы инфраструктура маселелерине өзгөчө токтолуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул багытта ишти ыкчамдатууну тапшырды.

Аталган долбоор Кара-Суу шаарынын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, аймакта жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө болот.