Кыргызстандан Өзбекстанга моцарелла сырын экспорттоо боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүлгөнүн Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик продукцияны тышкы рынокко экспорттоо максатында активдүү иш алып барууда. Ушул багытта бүгүн Ташкент шаарында "Элит Моцарелла" компаниясынын башкы директору Ахмет Генч менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун жолугушуусу уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Соода өкүлчүлүгү менен "Элит Моцарелла" компаниясынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул документ эки тараптуу экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана экспортту өнүктүрүүгө багытталган.
Мындан тышкары "Элит Моцарелла" компаниясы Кыргызстандан Өзбекстанга моцарелла сырын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим түздү. Бул ишкана каймак майы жана башка сүт азыктарын өндүрүүгө адистешкен.
Соода өкүлчүлүк ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, экспортту өнүктүрүү жана кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү боюнча ишти улантууда.