Жаңылыктар
Жалган маалымат тараткандарга айып салынат - Президент мыйзамга кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Жалган маалымат тараткандарга айып салынат - Президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты маалымат коопсуздугун жана жарандардын объективдүү, анык маалыматтарды алуу укугун камсыз кылуу болуп эсептелет.

Мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексин анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчиликти караган 1093-берене менен толукталды, башкача айтканда жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармактарын пайдалануу менен коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузууга алып келген анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса, жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Ошондой эле киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт, ал эми соттор аларды карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.