Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге ишиндеги кемчиликтер үчүн сөгүш жарыялаганын бүгүн өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Былтыр август айында да өлкө жетекчиси Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, 2 орун басары кызматтарынан бошотулган эле.
Ага акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келгени, бул болсо экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатканы себеп болгону маалымдалган.