Жаңылыктар
Бишкекте санитардык дарыгер пара чогултуу боюнча мыйзамсыз схеманы уюштурууга шектелип кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте санитардык дарыгер пара чогултуу боюнча мыйзамсыз схеманы уюштурууга шектелип кармалды

УКМК коррупциялык схемаларды жоюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан оң корутунду берүү үчүн пара түрүндө системалуу негизде акча чогултуу боюнча мыйзамсыз схеманы уюштурган дарыгер С.Д.А. кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал Бишкек шаардык «Башкы архитектурасынан» уруксат алуу үчүн, тиешелүү тараптарга санитардык нормалардын сакталышын тастыктаган уруксат кагаздарын мыйзамсыз берип жүргөн. 

 12-июнь күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда аныкталган маалыматка ылайык, санитардык дарыгер С.Д.А.нын «МБанк» электрондук капчыгына чоң өлчөмдөгү акча каражаты которулган. Ошондой эле, өздүк тинтүү учурунда С.Д.А.нын жанынан 25 000 сом, ал эми унаасынан 55 000 сом акча каражаты табылып алынган. Бул акча кайдан келгенин С.Д.А. түшүндүрүп бере алган эмес.

 Бул кылмыш ишинин алкагында дарыгер КЖК 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин ичинен аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

 Ошол эле учурда Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери тарабынан берилген уруксат кагаздарынын мыйзамдуулугу жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайыктуулугу текшерилип, мыйзамга ылайык келбеген учурда берилген уруксат кагаздары жокко чыгарылат.

УКМК коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын катаалданышына байланыштуу өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү жана максаттуу иштер жүргүзүлүп жатканын эскертет.