Жаңылыктар
Ошто өрттөн коңшу жайгашкан үч үй куткарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто өрттөн коңшу жайгашкан үч үй куткарылды

Бүгүн кечинде Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү турак  жайлардын биринде чыккан өрттү өчүрүүгө № 12 ӨКБнын бригадасы жөнөтүлүп, коңшу жайгашкан  үч үйдү аман калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Маалыматка караганда, өрт саат 19:19да чектөөгө алынып, 20:23тө толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында коңшу жайгашкан үч үй аман калган. Өрттүн себеби электр зымдарындагы кыска туташуу болгон. Жалпы 65 чарчы метр аянт күйгөн.