Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жумушчу сапары Ак‑Талаа районуна уланды. Сапардын алкагында министр Кош‑Дөбө айылында жаңы курулган 20 МВА кубаттуулуктагы 110/35 кВ “Кош‑Дөбө” көмөк чордонунун ачылыш салтанатына катышып, имаратты расмий түрдө ишке берди.
Жаңы көмөк чордон Кытай–Кыргызстан темир жолунун энергетикалык камсыздоосунда өзгөчө мааниге ээ. Министр Ибраев бул долбоор аркылуу темир жолдун энергетикалык негизи бекемделип жатканын белгиледи:
“Эки ири көмөк чордондун ишке берилиши менен Нарын облусунда гана эмес, жалпы республикабызда энергетикалык инфраструктуранын өнүгүүсү камсыздалууда. Бул региондордун жанданышынын, өнөр жай менен транспорт тармагындагы ири долбоорлордун ишке ашуусунун негизи,” — деди Таалайбек Ибраев.
Ибраев ошондой эле курулуш иштери сапаттуу, графикке ылайык жүргүзүлгөнүн, эми көмөк чордонду үзгүлтүксүз жана мөөнөттүү техникалык тейлөө шарттары менен камсыздоого басым жасаларын кошумчалады.
Жаңы “Кош‑Дөбө” көмөк чордону региондогу ишенимдүү энергия менен камсыздоону күчөтүп, Кытай–Кыргызстан темир жолу аркылуу товар жүгүртүүнү өсүүгө жардамчы болот деп үмүт кылынууда.