УКМКнын бүгүн, 13-июнда берген маалыматына ылайык, өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин подполковниги кармалды. Ал чарба жүргүзүүчү субъекттин ишин оң чечип берүү үчүн ишкерден 200 миң доллар өлчөмүндө акча алган деп шектелүүдө.
2025-жылдын февраль айында ишкер өзүнүн маселесин оң жагына чечүү өтүнүчү менен УКМКнын кызматкерине кайрылган. Ал кызматкер акча каражаттарын алып, мамлекеттик зыянды азайтууга көмөктөшүүгө убада берген. Бирок алган милдеттенмелерин аткара албай, ишкер мурда берилген акчаны кайтарууну талап кылган. Бирок подполковник каражатты кайтаруудан баш тарткан.
Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.
Бардык жагдайлар иликтенип бүткөн соң, подполковник дискредитацияга байланыштуу УКМКнын катарынан бошотулду. Ал учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.
Учурда тергөөнүн жүрүшү уланууда.