Жаңылыктар
Таластагы «Кыргызпочтасынын» имараты мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Таластагы «Кыргызпочтасынын» имараты мамлекетке кайтарылды

Стратегиялык мааниге ээ болгон "Кыргызпочтасы" ААКнын имараты мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, имараттын аянты 0,14 гектарды түзөт. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө бул объект "Б" категориясына — стратегиялык маанидеги объекттердин катарына кирери аныкталып, имарат Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына расмий түрдө өткөрүлүп берилди.