Жаңылыктар
ТИМ:Индиядагы кыйраган учакта кыргыз жарандары болгон эмес
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ:Индиядагы кыйраган учакта кыргыз жарандары болгон эмес

Индиянын Гуджарат штатындагы Ахмедабад шаарына жакын жерде Boeing 787 жүргүнчү учагынын кыйроосуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Расмий билдирүүлөргө ылайык, учактын бортунда 242 жүргүнчү болгон.

Алдын ала маалыматтарга карата жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандары болгон эмес, ошондой эле учак кырсыгынан кийин кыргыз жарандарынан жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кырдаалды көзөмөлдөө максатында Индиянын тийиштүү органдары менен байланышта болууда.