Жаңылыктар
Таласта Бакай атанын эстелиги ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта Бакай атанын эстелиги ачылды

Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагына караштуу Кара-Сай айылындагы Ак-Тайлак мазарында улуу тарыхый инсандардын бири – Бакай атанын эстелиги расмий түрдө ачылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Бакайыр өзөнүнүн башындагы чокуга да Бакай атанын ысымы ыйгарылып, тарыхый ысым эскерилди.

Эстеликтин ачылышы менен катар Президент Садыр Жапаровдун уңгу жол жөнүндөгү жарлыгынын алкагында, улуттук баалуулуктарды даңазалаган кеңири майрамдык иш-чара уюштурулду.

Анын алкагында облустагы уз-чеберлердин кол өнөрчүлүгү жана ар улуттун улуттук тамак-аштары көргөзмөгө коюлду.

Майрамдык иш чарада Бакай атанын басып өткөн жолу сахналаштырылган, театралдаштырылган оюн- зоок программа көрсөтүлдү.