Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагы 2024-жылы социалдык-экономикалык өнүгүүдө республика боюнча биринчи орунду ээледи. Бул ийгиликтүү көрсөткүчтөрүнөн улам, республикадагы бардык айыл өкмөттөр катышкан “Мыкты тажрыйбалар жана улуттук дем” аттуу семинар-кеңешме дал ушул айыл аймагында өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Жумабеков, Марат Мураталиев, жана Талас облусундагы Президенттин өкүлү Эрмат Жумаев катышышты.
Аманбаевде 2023-жылы жеке ишкерлердин колдоосу менен жаңы бала бакча, китепкана, айыл өкмөттүн имараты курулса, мамлекеттин каражатына жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Учурда таза суу долбоору ишке ашууда.
Бул ийгиликтүү аракеттер үчүн айыл өкмөтү 3 миллион сом байге менен сыйланды. Аймак жетекчилиги бул ийгилик быйыл да уланарын билдирди.