Жаңылыктар
Эртең айрым аймактарда жамгыр жаайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең айрым аймактарда жамгыр жаайт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 13-июнда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн +14...+19, күндүз +24...+29;

Талас облусу түнкүсүн +13...+18, күндүз +23...+28;

Баткен облусу түнкүсүн +17...+22, күндүз +28...+33;

Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +17...+22, күндүз +28...+33;

Ысык-Көл облусу түнкүсүн +11...+16, күндүз +17...+22;

Нарын облусу түнкүсүн +7...+12, күндүз +15...+20

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +27...+29 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +18...+20 градус болот.