Жаңылыктар
Бишкекте дарыгерлер 8 жаштагы баланын ашказанынан тыйын алып чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте дарыгерлер 8 жаштагы баланын  ашказанынан тыйын алып чыгышты

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери заманбап эндоскопиялык жабдуунун жардамы менен 8 жаштагы баланын ашказанынан 10 сомдук тыйынды ийгиликтүү алып чыгышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы төрөлгөн бала бөтөн зат жутуп жиберген. Дарыгерлер SonoScape 550 үлгүсүндөгү жаңы эндоскоп аппараты менен балага аз инвазивдүү ыкма аркылуу жардам көрсөтүштү.

Эндоскопист-хирург Кубанычбек Раззаков белгилегендей, мындай кайрылуулар аз эмес.

«Бизге жумасына орто эсеп менен 3-4 бала бөтөн зат жутуп кайрылышат. Жогорку тактыктагы жабдуулар – балдардын өмүрүн сактап калууда абдан маанилүү», – деди ал.

Жаңы аппарат мекемеге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен берилген. Бул техниканын келиши балдарга өз убагында жана коопсуз медициналык жардам көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.