Жаңылыктар
Нарында жамгырлата сугаруу боюнча ири долбоор ишке ашканы турат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында жамгырлата сугаруу боюнча ири долбоор ишке ашканы турат

Азык-түлүк коопсуздугунун алдын алууда ирригация тутумунун мааниси башкы орунда. Бул максатты ишке ашырууда жыл сайын мамлекет суу чарба обьектилерин оңдоо жана калыбына келтирүү жумуштарына ири суммадагы каражаттарды бөлүүдө.

Алсак, быйыл Нарын облусунун ирригация тармагына 244 миллион сом бөлүнүүдө. Бул каражаттын 90 миллион сому оңдоп-түздөө жумуштарына, 154 миллиион сому 16 чакырым каналга бетон полотносун төшөөгө жумшалат.

Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын маалыматына караганда, мамлекеттик казынадан каралган бул каражаттын 47 миллион 218 миң сому каржыланып, 43 миллион 98 миң сому өздөштүрүлүп, 17 чакырым 600 метр канал механикалык жол менен тазаланды, 4 чакырым 500 метр каналдарды оңдолду, 1 чакырым 200 метр каналда бетон жумуштары жасалды, 31 гидро техникалык курулма оңдолду, 10 суу ченөөчү пост ремонттолду, 2 агрегат алмаштырылып, 19 насостук станация ондоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мындай көлөмдөгү жумуштардын аткарылышы менен сугат суу тартыштыгы жолго коюлуп, белгиленген графиктен кечикпей дыйкандарга суу убагында берилип, коромжусуз жетүүдө. Ошондой эле мамлекет тарабынан да каражат өз убагында берилгендиктен суу курулмаларынын ремонту дагы өз убагында бүттү.

Ирригация тармагын жакшыртуудагы дагы бир долбоор - мамлекеттин колдоосунда жамгырлатып сугаруу Нарын облусунда быйыл биринчи жолу ишке ашат. Учурда ага тиешелүү материалдар Түркия мамлекетинен алынып келинген. Буюрса бир ай аралыгында орнотулуп, жамгырлатып сугаруу тутуму Нарын жана Жумгал районунда ишке берилет.

“Акыркы мезгилдерде суунун тартыштыгы көйгөй болуп жаткандыктан тамчылатып, жамгырлатып сугаруу боюнча өлкөдө масштабдуу жумуштар жүрүп жатат. Мамлекеттин колдоосунда ишке ашып жаткан долбоорго Нарын районунан 114, Жумгал районунан 157 гектар жер кирген. Бул үчүн 61 миллион сом бөлүнүп, анын 18 миллион сомуна жамгырлатып сугаруу системасына керектүү жабдыктар келип түштү. Бир ай аралыгында жабдыктар орнотулуп, ишке берилет”, - деди Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Байыш Акматов.

Нарын облусу боюнча 120 миң гектар суу баскан аянт бар. Бул аянттын 48 миң гектарын Нарын башкы суу чарба башкармалыгы тейлеп, анда эмгектенген 462 жумушчу-кызматкерлер 782 чакырым каналды, 995 гидротехникалык курулмаларды, 14 БСРди жана 19 насостук станцияны көзөмөлгө алат.