Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматында иштеген 77 аскер кызматкери «Менин үйүм» мамлекеттик программасы аркылуу «Мурас Ордо» турак жай комплексинен жаңы батирлерге ээ болду.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, өз сөзүндө ал чек арачылардын кызматын мамлекет жогору баалай турганын белгиледи. Акыркы 5 жылда 570тен ашуун чек арачы үйгө ээ болуп, быйыл дагы 160 үй-бүлө жаңы конушка көчөт.
Ошондой эле өлкө боюнча 60тан ашуун аскердик объект курулуп бүтүп, дагы 30у курулуп жатат. Жакын арада «Бөрү» атайын отряды үчүн жаңы аскердик имараттар пайдаланууга берилет.