Жаңылыктар
Мыйзамсыз жүргөн мигранттар Кыргызстандан чыгарыла баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз жүргөн мигранттар Кыргызстандан чыгарыла баштайт

Бүгүндөн тарта "Нелегал" аталышындагы рейддер жүрүп, өлкөдө жүргөн чет элдик жарандар текшериле баштайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Улан Куралиев билдирди. 

Буга чейин мыйзамсыз жүргөн мигранттарга документтерин тууралаганга, же болбосо өлкөдөн өз алдынча чыгып кетүүгө 10-июнга чейин убакыт берилген. “Көпчүлүк чет элдиктер турист же студент катары кирип, мыйзамсыз иштөөдө. Айрым ишканалар жана окуу жайлар мигранттардын виза мөөнөтүн узартпай, алар начар абалда жашап жатат. Бул алардын мыйзамды, коомдук тартипти бузушуна алып келүүдө", - деди Улан Куралиев.

Расмий маалыматтарга караганда, азыр Кыргызстанда Кытай, Бангладеш, Пакистан, Непал өлкөлөрүнөн келген мигранттардын саны арбын. Жыл башынан бери өлкөгө сырттан 61 миң турист, 30 миң студент, 12 миң эмгек мигранты, 10 миң киши ишкердик, үй-бүлөлүк шарттар менен келген. Дагы 5 миңдей адам мыйзамсыз кирген.