Кадамжай районунда Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын башчысы, милициянын майору пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кармалган жетекчи өзүнүн түздөн-түз көзөмөлүндөгү кызматкерлерден ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин акча каражатын опузалап алып турган. Акчалар негизинен мөөнөтүнөн ашык иштөө үчүн жана негизги эмгек акыларынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен талап кылынган.
ИИМдин Ички иликтөө бөлүмү жана Баткен облусундагы тийиштүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, ал кезектеги 95 000 сом параны алып жатканда кармалды.
Учурда кармалган адам Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.