Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо борборуна 16,5 млн сомдук медициналык жабдуу тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо борборуна 16,5 млн сомдук медициналык жабдуу тапшырды

Бүгүн, 10-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.

Сапардын алкагында ал борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, медициналык кызматкерлер менен баарлашты. Борбордун дарыгерлеринин кайрылуусунун негизинде, балдар эндоскопия бөлүмүнө жалпы баасы 16,5 млн сомду түзгөн «SonoScape 550» үлгүсүндөгү «Эндоскоп» медициналык жабдуусу тапшырылды.

Бул заманбап жабдуу балдардын ички органдарын изилдөө жана хирургиялык манипуляциялар учурунда колдонулат. Ал дарыгерлердин ишин бир топ жеңилдетип, балдардагы ар кандай оорулардын эрте аныкталышына жана натыйжалуу дарылоосуна көмөк көрсөтөт.