Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 10-11 жана 13-июнга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ эскертет:
Урматтуу жарандар!
Бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар.
Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.