Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасына жумуш сапары менен барды.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат. Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууларды өткөрөт.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев ошондой эле бир катар объектилерди көрүп чыгат.