Бүгүн, 10-июнда Бишкекте саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу өчүрүлөт.
Суу өчкөн аймактар:
Шералиева — Бердибаева — Айылчиева — Жайыл Баатыр көчөлөрү.
Өчүрүү диаметри 200 миллиметрдик түтүктөгү авариялык иштерге байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.