Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты коррупцияга шектелип кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты коррупцияга шектелип кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалганын бүгүн Талас облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, Кенжебек Бокоев Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүндөгү жер маселесине байланыштуу кармалган. Экс-депутат ушул айылда туулуп-өсүп, 2005-2010-жылдары аталган айыл өкмөттү жетектеп турган. 

Ал 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутаттыкка шайланган. 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясынын катарында парламенттин алтынчы чакырылышына депутат болгон.