УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында айыл чарба багытындагы 120 гектар күрүч айдалуучу жер юридикалык жактарга мыйзамсыз узак мөөнөткө ижарага берилгени аныкталды.
Текшерүүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, «КР Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына» аталган жер тилкеси өз ыктыяры менен кайтарылып берилди.
УКМК мындай фактыларды аныктоо жана мыйзам бузууларды токтотуу максатында иш алып барууну улантууда.