Жаңылыктар
Жаш изилдөөчүлөрдүн жайкы лагери — Жай 2025
Кыргызстан жаңылыктары
Жаш изилдөөчүлөрдүн жайкы лагери — Жай 2025

Кыргызстандын бардык аймактарынан 9-10 жана 11-классты бүтүргөн окуучуларды эки жумага созулган бекер жайкы лагерге катышууга чакырабыз! Бул лагерде сиз чыныгы илимпоз катары өз күчүңүздү сынап көрөсүз.

Иш-чараны "Маариф" фонду жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп, өнөктөштөрү катары Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Эл аралык "Ала-Тоо" университети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы катышат.

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 28-июлунан 8-августуна чейин
Өткөрүлүүчү жай: КТУ "Манас" жана МУ "Ала-Тоо"
Темасы: Айлана-чөйрөнүн булгануусу. Катышуучулар чогултулган үлгүлөрдү анализдеп, лабораториялык иштерди аткарып, илимий макала жазышат жана өз жыйынтыктарын симпозиумда сунушташат.

Иш чаранын иштөө тили — орус тили (изилдөөнү кыргыз же орус тилинде жазууга болот).
Ноутбук талап кылынат.

Катышуу (жашоо, тамак-аш жана бардык керектүү материалдар менен кошо) — толугу менен бекер.

Кимдер катыша алат: Кыргызстандын бардык аймактарынан 9–11-классты аяктаган мектеп окуучулары.

Катышуу үчүн талап кылынат:
– Онлайн анкетаны толтуруу
– 1–2 мүнөттүк видео жүктөө
– Эки кыскача эссе жазуу (150 жана 250 сөздөн)
– Акыркы эки окуу жылынын табелдерин жүктөө

Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 15-июну, саат 23:59га чейин
Сайт жана анкета формасы: researchcamp.org
Байланыш: info@researchcamp.org
Инстаграм: @jashizildoochulor