Жаңылыктар
Экономика министрлигине заманбап кызматтык унаалар берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Экономика министрлигине заманбап кызматтык унаалар берилди

Экономика жана коммерция министрлигинин автопаркы жаңы кызматтык унаалар менен толукталды. 

Кыргызстанда чогултулган Шевролет Трекер үлгүсүндөгү 26 унаа бүгүн министрликке расмий түрдө тапшырылды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. Унааларды алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 50 миллион сом каражат бөлүнгөн. 

Кызматтык унаалар министрликтин борбордук аппаратына гана эмес, аймактык өкүлчүлүктөрүнө да берилет Бул өз кезегинде кызматкерлердин ишин натыйжалуу уюштурууга, кызматтык тапшырмаларды ыкчам аткарууга жана жарандар менен тыгыз байланышта болууга өбөлгө болот.