Жаңылыктар
Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Бул ыйык майрам баарыбызды жалпы тарыхы, тили, дини жана салттары бар элдерибиздин ортосундагы боордоштук духун мындан аркы чыңдоого чакырат. Акыркы жылдары бекем саясий эрк жана жогорку деңгээлдеги активдүү саясий диалогдун аркасында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы ынак коңшулаштык мамилелер жаңы сапаттык жана мазмундук деңгээлге чыкты.Биздин умтулуулардын натыйжасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк алакаларыбыз мындан ары да кеңейет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.