Бүгүн, 6- июнда Нарын шаарында Курман айт намазы Борбордук Азирет Али баш болгон алты мечитте окулду.
Борбордук мечитте окулган айт намазга эки миңден ашуун адам катышып, чогулгандарды Курман айт майрамы менен Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов куттукташты.
Айт намазга чогулган калаа тургундарына алгач дин кызматкерлери тарабынан курмандык чалуунун жолдору, анын сооптору тууралуу маалыматтар берилди.
Облустук казыяттан билдиришкендей, Курман айт майрамы үч күн удаа белгиленет. Айт намазынан кийин үч күн аралыгында 40тан ашык кою, 10дон ашык ую жана кирешеси 386 миң сомдон ашкан ар бир мусулман зекет берип, курмандык чалууга милдеттүү. Курмандык чалынган малдын үчтөн экисин муктаж үй-бүлөлөргө, кошуна-колоңдорго таратып бериши керек.